16:37, 08 февраля 2023, 24.kg

Кыргыз дарыгерлери Түркияга жардамга барууга даяр

Кыргыз дарыгерлери Түркияда зилзиладан каза болгондорго барып жардамга берүүгө даяр. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган мырза менен жолугушууда билдирди.

Министр өз сөзүндө КР Саламаттык сактоо министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандарга медициналык, дары-дармек жана медициналык буюмдар жактан жардам көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи.

«Түркиядагы көп сандаган адам курмандыктарына алып келген ири табигый кырсык ар бирибиздин жүрөгүбүздү тилип өттү. Кыргызстандын медицина кызматкерлери жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгон жарандар үчүн боордош түрк эли менен бирге чын жүрөктөн аза күтүшөт. Медициналык жардам керек болсо, кыргыз тараптан дарыгерлер тобу түзүлүп, аларды Түркиянын жабыркаган аймактарына жөнөтүүгө даярбыз», - деди Гүлнара Баатырова.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18