16:22, 03 февраля 2023, 24.kg

Казакстан пияз жүктөлгөн 23 фураны Орусиянын аймагына өткөргөн жок

Казакстан Орусиянын аймагына пияз жүктөлгөн 23 фуранын өтүүсүнө уруксат берген жок. Бул тууралуу казак басылмалары кабарлады.

Маалыматка караганда, жүк унаалары Чымкент шаары, Жамбыл жана Түркстан облустарынан чыгып, Батыш Казакстан облусу аркылуу Орусияга өтүүгө аракет кылган маалда токтотулган.

Буга чейин кескин суук аба ырайына байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүндө көптөгөн жашылча-жемиштер, анын ичинде пияз үшүп кеткени, базар баалары жогорулап, айрымдарынын тартыштыгы жаралганы кабарланган. Мындан улам Казакстан 28-январдан тарта пияз экспортуна үч айга тыюу салган.

Дээрлик эки апта мурда Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги да пияз экспортуна төрт айга чектөө киргизилгенин билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18