13:27, 03 февраля 2023, 24.kg

Бишкекте таза суу менен канализацияга төлөм акы көтөрүлөт

Бишкекте таза суу менен канализацияга төлөм акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык ичүүчү сууга жарандар үчүн 10,45 сом (азыр 8,10 сом) болот. Бюджеттик мекемелер — 12,95 сом (азыр 9,10 сом), башка керектөөчүлөр — 18,50 сомду (азыр 13 сом) түзөт.

Саркынды сууга (канализация) акы шаар тургундары үчүн 2,3 сомдон 3,45 сомго кымбаттайт.

Көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө жаңы тарифтер сунушталууда. Бир чарчы метр жалпы аянт үчүн бир жылга 15,10 сом өлчөмү каралууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18