10:46, 03 февраля 2023, 24.kg

Жерге мунапыс. Акча талап кылгандарга катаал чара көрүлөт

Министрлер кабинети учурда республиканын аймактарында жерге мунапыс боюнча мыйзамды аткаруу үчүн комиссиялар иштеп жатканын билдирди.

«Президенттин өлкө аймактарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн коллегиялык жыйындарынын жүрүшүндө жерге мунапыс берүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Жергиликтүү бийлик органдарына бул багыттагы иштерди сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү тапшырмасы берилди», — деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинети акча каражаттарын опузалап талап кылуу фактылары орун алган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн белгилейт.

Акча каражаттарын талап кылуу фактылары боюнча төмөнкү телефон номерлерине билдирүүгө болот: (0312) 625342, 960185, 960186.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18