15:10, 02 февраля 2023, 24.kg

Алишер Усмановдун байлыгы бир миллиард долларга көбөйдү

Bloomberg компаниясынын индексине ылайык, өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун байлыгы жыл башынан бери 1 млрд долларга көбөйүп, 19,5 млрд долларга жетти.

Орусия президенти Владимир Путиндин жакын санаалашы делген Усманов бул индексте дүйнөдөгү эң бай 500 кишинин ичинен 81-орунга жайгашкан.

Былтыр февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин Алишер Усманов АКШнын, Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын санкциялык тизмесине илинген.

Financial Times кабарлагандай, Өзбекстан миллиардер Усмановду санкциялык тизмеден чыгаруу өтүнүчү менен ЕБге кайрылган.

Январдын аягында Алишер Усманов Орусиянын Өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин мүчөлүгүнөн чыгууга арыз берген. Ал муну «пенсияга чыкканы жана ишмердигин токтотуп жатканы» менен түшүндүргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18