11:16, 02 февраля 2023, 24.kg

Январда 17,8 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

2023-жылдын январь айында 17 миллиард 854,2 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 883,3 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,2 миллард сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 13 миллард 204,7 миллион сом суммасында салык жана төлөмдөр жыйналып, план 193,8 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 2,9 миллиард сомго көп.

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 4 миллиард 649,5 миллион сомду түздү. Белгиленген пландан 689,5 миллион сомго көп жыйналды. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 1,3 миллиард сомго көп.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18