10:03, 01 февраля 2023, 24.kg

Тажикстанда электр кубатына кайрадан чектөө киргизилди

«Барки Точик» энергохолдинги 1-февралдан баштап электр энергиясына кайрадан чектөө киргизилерин маалымдады. Соңку эки аптадан бери тажикстандыктар жарык өчүп жатканына даттанышууда.

Энергохолдинг жарыялаган маалыматта лимит электр энергиясынын тартыштыгынын алдын алуу үчүн киргизилип жатканы айтылган. Анда чектөө Душанбе менен ири шаарларга тиешеси жок экенин белгиленген.

Тажикстанда күз-кыш мезгилинде электр кубатын маал-маалы менен өчүрүү адатка айланган. Быйыл жыл башында «Барки Точик» энергохолдинги калкты электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо жолго коюлганын кабарлаган. Бирок жергиликтүү тургундар 20-январдан бери жарык түнкүсүн өчүрүлүп жатканына даттанышууда.

Бул арада Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума өлкө 2022-жылы саатына 21 млрд киловатт электр кубатын колдонгонун, бул рекорддук көрсөткүч болгонун билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18