09:04, 01 февраля 2023, 24.kg

Былтыр алты айда 11 миңге жакын кыргызстандык орус жарандыгын алды

2022-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында дээрлик 10 632 киши кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алганы белгилүү болду.

Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта жазылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, жыл сайын 9 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алат. Отуз жыл ичинде Орусиянын жараны болгон кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 650 миңден ашкан.

Борбор Азия чөлкөмүндө Орусиянын паспортун алгандардын сап башында Тажикстан турат. Алты ай ичинде 74 160 тажикстандык, 21 647 казакстандык, 13 099 өзбекстандык, 1 549 түркмөнстандык атуул Орусиянын жарандыгын алган.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тушта миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда жашап-иштеп жүрөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18