16:31, 26 января 2023, 24.kg

Кыргыз-өзбек бизнес форуму: 168 млн. долларлык 11 документке кол коюлду

Бишкекте 26-январда Өзекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин эки күндүк мамлекеттик сапарын утурлай уюштурулган кыргыз-өзбек бизнес форумунун алкагында 11 документке кол коюлду.

Алар:

  • Эки мамлекеттин айыл чарба министрлеринин агроөнөр жай жаатында кызматташуусунун жол картасы;
  • Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүү жаатында кызматташуу тууралуу макулдашуу;
  • Нарында терини кайра иштетүү жана картошка өндүрүү боюнча агрокластер уюштуруу жөнүндөгү макулдашуу;
  • Мал чарбасы жана картошка өндүрүү боюнча агрокластер түзүү тууралуу макулдашуу;
  • "Кыргызстанда карбид жана кальций өндүрүү боюнча комплекс куруу боюнча макулдашуу;
  • Кыргызстандан Өзбекстанга жүгөрү данын жөнөтүү тууралуу макулдашуу;
  • Кыргызстанда электр энергиясын эсептеген жабдууларды куроону уюштуруу боюнча кызматташуу меморандуму;
  • Базальт таштарын өндүргөн завод тууралуу меморандум;
  • Өзбек компаниялары өндүргөн азык-түлүктү Кыргызстанда сатуу жаатында кызматташуу тууралуу макулдашуу;
  • Кыргызстандан Өзбекстанга айыл чарба өнүмүн ташуу тууралуу келишим.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул форумда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу 21% өскөнүн, 2022-жылдын 11 айында 543 миллион доллардан ашканын билдирген.

Мирзиёевдин 26-27-январдагы Бишкек сапарынын алкагында эки өлкөнүн башчылары өз ара алака-катышты талкуулап, чек ара баштаган бир катар документтерге кол коюлары айтылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18