10:32, 24 января 2023, 24.kg

Украинада өлгөн дагы бир тажикстандыктын сөөгү жерге берилди

19-январда Тажикстандын Жайхун районунун Паянж жамаатында 47 жаштагы Шамсиддин Кодировдун сөөгү жерге берилди. Ал Орусияда соттолуп, түрмөдөн Украинадагы согушка жиберилген.

Маркумдун туугандарынын айтымында, ал эки жыл мурун Орусияда мыйзамсыз түрдө маңзат каражаттарын сактоо айыбы менен 14 жылга кесилген.

«Шамсиддин Волгограддагы колонияда жазасын өтөп жаткан, былтыр майда аны Украинадагы согушка жөнөтүшкөн», — деди 23-январда маркумдун бир тууганы Рахмиддин Кодиров.

Жакындары ал согушка өз эрки менен барганын же күч менен жөнөтүлгөнүн билишпейт.

Бир тууганынын айтымында, Шамсиддин Кодиров 2022-жылы ноябрда эле өлтүрүлгөн, бирок анын сөөгү Тажикстанга эки айдан кийин жөнөтүлгөн. Кодиров жаракат алып, эки буту тең тизесинен ылдый ампутациялангандан кийин көз жумган.

Соңку эки айда орус түрмөлөрүндө жазасын өтөп жатып, Украинадагы согушка жөнөтүлгөн тажикстандыктардын ичинен кеминде төртөө өлгөнү кабарланды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18