17:27, 23 января 2023, 24.kg

Өзбекстан менен Казакстан соттолгон жарандарын алмашат

18-январда Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда соттолгондорду алмаштыруу боюнча келишимдин ратификациясын жактырды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришти.

Парламенттин пленардык жыйынында сүйлөгөн өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Асет Чиндалиев бул документ боюнча сүйлөшүүлөр бир нече жылдан бери жүрүп келгенин айтты.

Гуманизм принциптери менен түшүндүрүлгөн келишимдин шартына ылайык, соттолгондорду алмаштыруу үчүн алардын макулдугу керек. Ошол эле маалда экстрадиция эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын уруксатын талап кылат.

Чиндалиевдин айтымында, ар түрдүү кылмыш үчүн соттолгон 225 өзбекстандык жазасын өз өлкөсүндө өтөөнү каалайт. Келишимдин алкагында, Өзбекстанда жазасын өтөп жаткан 20 казакстандык да мекенине кайтарылышы мүмкүн.

Өлкө эгемендигин жана коопсуздугун бузууга аракет жасоого айыпталгандар, мындан тышкары карызы жана каржылай милдеттенмеси барлар алмаштыруу жараянына илинбейт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18