15:30, 20 января 2023, 24.kg

Бишкектеги 20 жаңы конушту жаратылыш газы менен камсыздоо пландалууда

Бишкек мэриясы 2023-жылы 20 конушту жаратылыш газы менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу борбор кааланын жетекчисине тапшырма берилгендигин Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Бишкектеги ыш маселесин чечүүдө Улан-Батор шаарынан үлгү алуу пландалууда. 

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында,  учурда 27 жаңы конушка жаратылыш газы киргизилген.

Бишкек шаардык мэриясынын отчетун кароо жыйынтыгы менен муниципалитетке 1000 автобус сатып алуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

«Транзиттик транспорт шаар аймагына кирбестен, борборду айланып өтүшү керек. Катализаторлору жок эски унаалар да шаарда жүрбөшү керек. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тиешелүү көзөмөл чараларын иштеп чыгуусу керек. Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод быйыл ишке кириши керек. Министрлер Кабинетинин эртеңки кеңешмесине ыш менен күрөшүү боюнча комплекстүү иш-чараларды киргизүү зарыл», — деди Акылбек Жапаров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18