17:13, 19 января 2023, 24.kg

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу. Техникалык негиздеме даярдалууда

 Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушунун техникалык негиздемеси даярдалууда. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Кабар» агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Министр Кыргызстанга Кытайдан 200 эксперт келгенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭО) боюнча иштер жүрүп жатат. Андан кийин долбоордун деталдуу иштери башталат», — деди ал.

Белгилей кетсек, аталган темир жолдун курулушун көп жылдан бери талкууланып, быйыл Самарканд шаарында өткөн ШКУнун саммитинде үч өлкө меморандумга кол койгон. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18