16:32, 18 января 2023, 24.kg

Казакстан чет элдиктерге өлкөдө жүрүү мөөнөтүн кыскартты

Казакстан чет элдиктерге өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырды. Өкмөттүн жаңы токтому менен визасыз жүрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди.

Эми иммигранттар Казакстан аймагында чек арадан өткөндөн баштап визасыз 30 күнгө чейин гана жүрө алышат. Буга чейин мөөнөт 90 күн болгон.

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандары, анын ичинде орусиялыктар Казакстан аймагында 180 календардык күндүн алкагында 90 күн гана жүрө алышат.

Натыйжада өлкөдө жүрүү убактысын узартуу үчүн мурдагыдай чек арадан чыгып, кайра кирүүгө уруксат берилбейт. Жаңы эреже 26-январдан баштап күчүнө кирет.

Орусияда былтыр күздө мобилизация жарыялангандан бери аскер жашындагы жарандардын көбү Казакстанга өткөн. ФСБнын чек ара кызматынын маалыматына караганда, былтыр үчүнчү квраталда 1,3 миллион орусиялык Казакстанга кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18