13:40, 17 января 2023, 24.kg

Министрлер кабинети өлкөдөгү азык-түлүк запасынын көөлөмүн ачыктады

Өлкөдө дан азыктары, ун, өсүмдүк майы, кумшекер жана башка социалдык керектөөчү азыктарынын көлөмү жетишерлик. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы 354,6 млрд сомдук айыл чарба продукциясынын дүң продукциясы өндүрүлгөн. Бул 2021-жылга салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 107,3% түздү.

Ал эми 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 4 млрд 156,2 млн АКШ долларын түзүп, 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 36,2%га өстү.

2022-жылдын январь-ноябрь айларында республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (71,8%) жана Казакстанга (25,9%) туура келген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18