13:05, 17 января 2023, 24.kg

Мамлекеттик мүлк фонду «Аманат» улуттук холдингин түзүүнү сунуштоодо

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында депутаттар Мамлекеттик мүлк фондунун «Аманат» улуттук холдингин түзүү сунушуна каршы чыгышты.

Улукбек Ормонов «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингин эске салды.

«Акционердик коомдорду башкаруу үчүн кошумча башкаруу түзүп жатасыңар. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бар. Дагы бир холдингти ачуу менен ага штат ачылат, кошумча акча талап кылынат. «Улуу көчмөндөр мурасы» не болду? 700 миллион сарптап түрмөдө олтурат», — деди ал.

«Аманат» холдингине «Кыргызалтын», «Нефтегаз», «Манас» аэропортун бириктирүү пландалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18