14:58, 16 января 2023, 24.kg

Алты жашар кыздын өлүмү. Милиция териштирип баштады

Жайыл райондук Ички иштер бөлүмү алты жашар кыздын өлүмү боюнча териштирүүнү баштады. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Белгилей кетсек, Кара-Балта шаарында алты жаштагы кыз 14-январь күнү ооруканага келип түшкөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытованын билдирүүсүндө, кыз оор абалда ооруканага жеткирилген. Ага бронхопневмония деген диогназ коюлган.

Медиктердин айтымында, кыз алсыздап, тамактануу режими дагы бузулган. Ал жандандыруу бөлүмүндө көз жумду.

Кыздын апасы 41 жашта, эч жерде иштебейт. Атасы- 46 жашта, Россияда иштеп, жакында эле КРга келген. 

Үй-бүлө алты балалуу.  Апасынын айтымында, алты жашар кыздын көчөдө ойноп жүргөн жеринен ичи ооруп баштаган. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18