12:00, 16 января 2023, 24.kg

ИИМ: Саясатчылар жана бизнесмендер криминалды каржылайт

Ички иштер министрлигинде кылмыштуу топторду каржылаган саясатчылар жана бизнесмендер боюнча маалымат бар. Бул тууралуу маалымат жыйында министрдин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Ал айрым саясатчылар менен ишкерлер кылмыштуу топтор менен байланышта экенин белгиледи.

«Кылмыштуу топтор менен алардын чогуу бизнеси бар жана алар финансалык жардам көрсөтүп турат. Милиция кызматкерлери териштирүү жүргүзүүдө. Айрым спортчулар дагы криминал менен байланышта. Жаштар дагы криминалга кошулуп, алардын талашынын курмандыгы болушу ыктымал», — дейт Нурбек Абдиев.

Нурбек Абдиевдин айтымында, 2022-жылы уюшулган кылмыштуу топтун 157 мүчөсү жоопко тартылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18