16:15, 13 января 2023, 24.kg

Ташкент мэриясы шаар тургундарына беш күн бекер палоо берилерин билдирди

Ташкент шаардык акимчилиги кескин суук аба ырайына байланыштуу жакыр жашаган тургундарга, коммуналдык жана кайгуул кызматтарынын жумушчуларына бекер палоо тарата баштады.

Акимчиликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, палоо 12-январдан 16-январга чейин баш калаадагы банкеттик залдарда таратылат.

Мекеменин Telegram-каналына бекер палоо кайсы убактарда жана кайсы банкеттик залдарда берилери тууралуу маалымат жарыяланды.

Ошол эле маалда акимчилик беш күндүн ичинде ар бир банкеттик залда канча килограммдан күрүч даярдалып, кандай шартта таратыла турганын так билдирген жок. Мындан тышкары бул үчүн канча каражат бөлүнгөнү да айтылган жок.

Узгидрометтин маалыматына караганда, 10-январдан бери өлкөдө абанын температурасы түнкүсүн −17, күндүз −10 градуска чейин төмөндөдү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18