15:09, 13 января 2023, 24.kg

«Кудайберген» базары кошумча 70 миллион сом салык төлөдү

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын туугандарына таандык «Кудайберген» базары Мамлекеттик салык кызматына 70 миллион сом төлөдү.

Салык кызматынын билдирүүсүндө, декабрь айында базарда текшерүү жүргөн.

«Чынара Мусахожаевга таандык базарда салыкты жашыруу катталып, кошумча 70 миллион 749 миң сом талап кылынды. Бул акча мамлекеттик бюджетке түштү», — дейт ал.

Белгилей кетсек, депутат Эльвира Сурабалдиева парламенттин жыйынында Өзбекстан менен келишимди колдобогон депутаттарга кысым көрсөтүлүп жатканын айткан. Анда эл өкүлү «Кудайберген» базарында текшерүү жүрүп жатканын билдирген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев базар ээси салыкты толук төлөбөй жатканын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18