12:21, 12 января 2023, 24.kg

Кара-Суунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, ал опузалап пара алууга шектелүүдө.

УКМК кызматкерлери айыл башчынын орун басарын 86 миң сом алып жаткан жеринен кармаган.

«Ал жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомун жокко чыгарам деп коркутуп, жергиликтүү тургундан 4 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылган. Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18