10:07, 12 января 2023, 24.kg

Сот саясатчы Канатбек Исаевди үй камагына чыгарды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 11-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаевдин бөгөт чарасын карап, аны 20-февралга чейин үй камагына чыгарды.

Канатбек Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы жана активисттер менен чогуу былтыр 23-октябрда камакка алынган болчу.

Биринчи май райондук соту ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Анын тергөө абагындагы мөөнөтү андан кийин эки жолу эки айга узартылган.

2017-жылы Исаев «мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган» деген шек менен камалган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отурган. 2018-жылы 18-июлда Бишкек шаардык соту аны эч кайда кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камагына чыгарган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18