10:04, 12 января 2023, 24.kg

Казакстан парламентинин биргелешкен жыйыны 13-январда өтөт

Казакстан мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов парламент палаталарынын биргелешкен жыйынын чакыруу жөнүндө буйрукка кол койду

Биргелешкен жыйын 13-январда саат 10.00дө Астанада өтөт.

Жыйында «Тунгуч президент — Елбасы» тууралуу мыйзамдын күчүн жоюу боюнча акыркы чечим каралышы мүмкүн.

Күн мурун Конституциялык сот бир топ депутаттардын өтүнүчүн карап, «Туңгуч президент — Елбасы» мыйзамынын күчүн жойгон.

Конституциялык соттун сайтындагы маалыматка ылайык, бул чечим «2022-жылы 5-июнда өткөн референдумдун жыйынтыгына жана казак калкынын эркине негизделип чыгарылган».

Былтыр декабрда мажилис «Туңгуч президент — Елбасы» тууралуу Конституциялык мыйзамдын күчүн жоюу жараянын баштаган.

2000-жылы кабыл алынган мыйзам мурдагы президент Нурсултан Назарбаев менен анын үй-бүлөсүнө көптөгөн артыкчылыктарды берген. Мыйзамга ылайык, Назарбаев менен анын үй-бүлө мүчөлөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, камалбайт, мүлкүнө чектөө коюлбайт эле. Мындан тышкары бюджеттен экс-президенттин канцеляриясы үчүн каражат бөлүнүп келген. «Настоящее Время» белгилегендей, 2019-жылы марттан бери бул канцелярияны каржылоо үчүн 11,3 миллион доллар жумшалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18