15:33, 11 января 2023, 24.kg

Казакстанда биринчи президент тууралуу мыйзам жокко чыгарылды

Казакстандын Конституциялык соту бир топ депутаттардын өтүнүчүн карап, Туңгуч президент — Елбасы мыйзамынын күчүн жойду. Бул тууралуу Конституциялык соттун расмий сайты кабарлады.

Конституциялык сот бул чечим "2022-жылы 5-июнда өткөн референдумдун натыйжасына жана Казакстан калкынын эркине негизделип чыгарылганын белгилейт.

Конституциялык сот токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирерин жана даттанууга жатпай турганын маалымдады.

Былтыр декабрда мажилис Туңгуч президент — Елбасы тууралуу Конституциялык мыйзамдын күчүн жоюу жараянын баштаган. 2000-жылы кабыл алынган мыйзам мурдагы президент Нурсултан Назарбаев менен анын үй-бүлөсүнө көптөгөн артыкчылыктарды берген. Мыйзамга ылайык, Назарбаев менен анын үй-бүлө мүчөлөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, камалбайт, мүлкүнө чектөө коюлбайт.

Назарбаев 2019-жылы кызматтан кетип, өлкөнүн саясатына таасирдүү кызматты — Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын ээлеп калган. 2022-жылдын январында массалык нааразылыктар баш аламандыктарга айланып, кандуу окуяга айланган учурда бул кызматын президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Мындан кийин Нурсултан Назарбаевдин жакындары да кызматтан кетип, айрымдары камалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18