15:31, 11 января 2023, 24.kg

Кыргызстан паспорт рейтингинде 81-орунда турат

Кыргызстандын паспорту Henley & Partners рейтингинде дүйнөдөгү 227 өлкөнүн ичинен 81-орунда турат.

Белгилей кетсек, кыргыз жарандарына 66 өлкөгө визасыз кирүүгө уруксат берген.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен визасыз багыттар боюнча Орусия 49-орунда турат. Бул өлкөнүн жарандары 118 мамлекетке визасыз каттай алышат. Беларус 68-орунда (78), Казакстан 70-орунда (76), Армения 79-орунда (66), Өзбекстан 85-орунда (59) турат.

Дүйнөдө эң эле күчтүү паспорт Жапонияныкы. Өлкө алдыңкы позициясын сактап калды. Жапондор 166 багытка визасыз каттай алышат.

Рейтингде антилидерлердин тизмеси дээрлик өзгөргөн эмес. Акыркы 109-орунда Ооганстан турат. Оогандар 27 өлкөгө гана визасыз каттай алышат. Рейтингдин аягында Ирак, Сирия, Пакистан жана Йемен бар.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18