11:07, 10 января 2023, 24.kg

Жогорку окуу жайларда абитуриенттерди кышкы кабыл алуу башталды

Жогорку окуу жайларда абитуриенттерди кышкы кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Абитуриенттер https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтында катталгандан кийин ЖОЖду, багытты тандап, ЖРТнын электрондук талонун 11-январь күнү саат 14:00гө чейин тапшыра алышат.

Эскерте кетсек, кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 12-январь күнү саат 9:00дон 14-январь күнү саат 16:00го чейин системада тандалган ЖОЖдо окууга болгон каалоосун тастыкташы керек. Эгерде абитуриент окууга болгон каалоосун ырастабаса, анда бул орун кийинки турда бош болот.

Биринчи турда 371 талон катталып, ЖОЖдор 355 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Анын 291и окууга болгон каалоосун тастыктады.

Жалпысынан 40 университет 37 миң 567 абитуриентти кабыл алууну мерчемдеген. «Абитуриент онлайн» маалымат системасына 1111 адам кошулду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18