10:06, 10 января 2023, 24.kg

Түркмөнстанда 40тай мамлекеттик объект сатыкка коюлду

Түркмөнстанда эффективдүү эмес же чыгашалуу мамлекеттик объектилер сатылууда.

«Бизнес Түркмөнстан» басылмасы кабарлагандай, Каржы жана экономика министрлиги 39 мамлекеттик объектини аукционго чыгарды.

Аукцион 25-январда www.e.fineconomic.gov.tm платформасы аркылуу өтөт.

Сатууга Лебап облусундагы аянты 25 500 чарчы метр тоок фабрикасы, «Довребап» соода борбору, Дашогуз облусундагы труба заводу жана Ашхабаддагы «Нур заман» чарбасынын административдик имараты коюлду.

Аукционго булар менен катар дүкөндөр, кафе, ашкана, ден соолукту чыңдоо борбору, килем фабрикасы жана административдик имараттар чыгарылат.

Мамлекеттик объектилер менчиктештирилип жатканда өлкөдө кымбат конгресс-борборлорду, спорт комплекстерин, мечиттер менен социалдык багыттагы инфраструктураларды куруу уланууда.

Түркмөнстанда мамлекеттин эсебинен салынган имараттарга канча каражат жумшалары айтылбайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18