15:35, 09 января 2023, 24.kg

15-январда Орусияда мобилизациянын жаңы толкуну жарыяланышы мүмкүн

Орусия 15-январда кошумча мобилизация жарыялашы мүмкүн. Мындай божомолун Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Черняк билдирди.

Анын айтымында, «террорист-өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө жарым миллионго чейин орусиялык жаран мобилизацияланат. Жарлыктын долбоору бар, бул жолу мобилизация мурдагыдай эле ири орус шаарларында, анын ичинде Москва жана Санкт-Петербургда ишке ашат».

Черняктын маалыматына караганда, мобилизация социалдык чөйрө менен катар, орус экономикасына киреше алып келген тармактарда иштегендерге да тиешелүү болот.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 5-январда Орусия мобилизациянын кезектеги толкунуна даярданып жатканын кабарлаган.

Москва мобилизациянын кезектеги айлампасын өткөрүү ниетин жарыялай элек.

2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу 2022-жылы 28-октябрда Путин менен жолуккан учурда, мобилизациялык чаралар аяктаганын айткан. Анын сөзүнө караганда, мунун алкагында 300 миң адам аскерге тартылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18