17:00, 30 декабря 2022, 24.kg

Өзбекстанда индиялык компания чыгарган бардык дарыларды сатууну токтотту

30-декбарда Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган бардык дары-дармектерди сатуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Фармацевтикалык тармактарды өнүктүрүү агенттигинин маалымат кызматынын жетекчиси Кизлархон Бегматова билдирди.

Анын айтымында, Quramax Medikal ишканасына дарыканалардан «Док-1 Макс» дарысын өндүргөн компаниянын бардык препараттарын алуу жана дистрибьюторго кайтарып берүү тапшырылды.

Өзбекстанда өткөн аптадан бери ушул дарыны ичкенден кийин саламаттыгы начарлаган 22 баланын 19у чарчап калды. «Док-1 Макс» дарысынан уулуу этиленгликол заты табылганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымдаган.

«Док-1 Макс» таблеткалары жана сироптору Өзбекстандын бардык дарыканаларынан алынып, Улуттук коопсуздук кызматы тергөө иштерин баштаган.

Индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган бул дары парацетамол, гвайфеназин, фенилэфринди камтыйт жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды, сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат.

Өзбекстандагы балдардын өлүмүнө байланыштуу 23-декабрда Кыргызстанда да «Док-1 Макс» дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18