10:24, 30 декабря 2022, 24.kg

Майрам күндөрү энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК жаңы жылдык майрам күндөрү керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өтөт. Бул тууралуу ведомстводон билдирет.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү ишкананын борбордук аппаратынын жетекчилиги, бардык филиалдардын жетекчилери, ошондой эле «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жооптуу адистеринин кезмети уюштурулат.

«Өзгөчө кырдаалдарды ыкчам жоюу схемалары иштелип чыгып, оперативдүү оңдоолорго кам көрүлөт. Бардык оңдоо бригадалары зарылдуу запастык бөлүктөр менен камсыздалып, энергетикалык объектилерди коргоо боюнча чаралар күчөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК электр энергиясына байланыштуу маселе жаралган учурда күнү-түнү иштеген колл-борборунун 1209 кыска номерине чалууну эскертет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18