10:00, 29 декабря 2022, 24.kg

Өзбекстанда 21 жашка чейинкилерге спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат

Өзбекстандын парламенти 27-декабрдагы жыйынында «Алкоголдук продукциялар менен тамекинин таралышын жана керектөөсүн чектөө тууралуу» мыйзамдын жаңы редакциясын жактырды.

Мыйзам долбоорун парламенттин төмөнкү палатасы быйыл 25-октябрда кабыл алган. Ал өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койгондон кийин үч айдан соң күчүнө кирет.

Мыйзам өлкөдө 21 жашка чыга элек жарандарга тамеки жана спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салат. Ошол эле маалда аталган продукцияларды (газдалган жана табигый шараптардан башкасын) соода автоматтары, механикалык түзүмдөр же электрондук соода аркылуу да сатууга жана жеткирип берүүгө тыюу салынат.

Мындан тышкары тамекини, алкоголдук жана никотиндик продукцияларды саламаттык сактоо, билим берүү, маданий, медико-социалдык жана ден соолукту чыңдоо жайларында, темир жол бекеттеринде, автобекеттерде, аэропорттордо, деңиз портторунда жана метро станцияларында сатууга болбойт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18