09:30, 29 декабря 2022, 24.kg

Түркия орусиялыктарга өлкөдө жашап туруу укугун берүүнү токтотту

Түркияга туристтик максатта барып, өлкөдө жашап туруу укугун сураган орусиялыктардын арыздары 26-декабрдан тарта четке кагыла баштады. Бул тууралуу Vpost басылмасы күбөлөргө таянып билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, Түркияга барып, биринчи жолку ижара келишиминин негизинде өлкөдө жашап туруу укугун алууну көздөгөн орусиялыктарга документ берилбей жатат. Алардан 10 күндүн ичинде Түркиядан чыгып кетүү талап кылынууда.

Мыйзам боюнча орусиялыктар Түркияда 60 күн визасыз жүрө алышат.

Жергиликтүү басылмалардын жазганына караганда, Түркияга барган украиналыктарга мекенинде согуш аяктаганга чейин убактылуу жашоого уруксат берүү уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18