14:03, 28 декабря 2022, 24.kg

Бишкекте балдар үчүн президенттик балаты болуп өттү

Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда салтка айланган балдар үчүн жаңы жылдык балатыга катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1 миң 100 бала чакырылган, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.

Балдарга жеткинчек балдардын бий топтору тарабынан даярдалган «Жакшылык ыроологон Жаңы жыл» аттуу театрлаштырылган музыкалык жаңы жылдык спектакль көрсөтүлдү.

Өз каалоо-тилектерин видеоформатта белгилүү кыргызстандыктар айтышты.

Андан соң Садыр Жапаров майрамдын катышуучуларын куттуктап, келе жаткан Жаңы жылда чоң ийгиликтерди, кызыктуу идеяларды, жаңы ачылыштарды жана жеңиштерди каалады.

Аягында балдарга президенттин атынан белектер тапшырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18