16:19, 26 декабря 2022, 24.kg

Нурлан Шакиев Казакстандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.

«Дүйнөдө бизден жакын эл жок. Кайгырса да, кубанса да бирге болгон эгиз элдин ынтымагын мындан ары да арттырып, стратегиялык өнөктөштүгүн өөрчүтүү башкы максатыбыз. Андыктан ар тараптуу алакаларды кеңейтип, калыптанган соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгыбызды улантышыбыз кажет», — деди төрага.

Мындан сырткары жолугушууда Казакстандын парламентенин төрагасы Маулен Ашимбаев расмий иш сапары менен Кыргызстанга келээри айтылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18