09:08, 26 декабря 2022, 24.kg

Иран дрондорунун «эффективдүү» экенин билдирди

Жогорку кызматтагы иран генералы, Башкы штабдын башчысы Мохаммад Багери «Орусия иран дрондорун Украинадагы согушта пайдаланып жатат» деген ырастоолор бул учкучсуз учактардын «эффективдүүлүгүнүн» далили деп атады.

Киев жана анын батыштагы өнөктөштөрү Орусияны украин шаарларына чабуул жасоодо, анын ичинде Украинанын энергетикалык инфраструктурасын аткылоодо ирандын жанкечти дрондорун колдонууга айыптап келет.

«Мындан тышкары бул ырастоолордун көбү жалган болушу мүмкүн. Дрондорго келгенде, бул анын эффективдүүлүгүн, манилүү жана жогорку деңгээлде экенин далилдейт», —деди Мохаммад Багири.

Иран Украинада согуштук аракеттерди жүргүзүү үчүн Орусияга курал жеткирип жатканын бир нече жолу четке каккан. Ошол эле маалда ноябрда Тегеран февралда согуш башталганга чейин эле Иран Москвага дрондордун партиясын бергенин билдирген.

Батыш өлкөлөрү жанкечти дрондор Украинада пайдаланылып жатканына байланыштуу бир катар иран фирмаларына жана Ирандын аскердик командачылыгынын мүчөлөрүнө санкция киргизген. Санкцияга генерал Багери да туш болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18