17:45, 23 декабря 2022, 24.kg

Эмомали Рахмон Тажикстандагы интернеттин ылдамдыгын сынга алды

Душанбеде 23-декабрда Тажикстан парламентинин кош палатасынын биргелешкен сегизинчи жыйыны башталды. Жыйында Эмомали Рахмон эл өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоду.

Президент 2022-жылдагы экономикалык санкцияларга тынчсыздануусун билдирип, мунун кесепетинен товар жана продукцияларды жеткирүү чынжырчасы үзүлгөнүн айтты.

«Өлкөнү изоляциялап, товар чыгарууга мүмкүндүк бербеген санкциялык шартта биз ишкердикке эркиндик берип, бизнесмендерге көмөк көрсөтүшүбүз керек», — деди Рахмон.

Ал акыркы беш жылда Тажикстанда айлык маяна 1,5 эсеге, пенсия 1,3 эсеге көбөйгөнүн, жакырчылык 27,4 пайыздан 22,5 пайызга кыскарганын, Тажикстандын керектөө рыногунда инфляция 4,2 пайызды түзгөнүн, бул КМШ өлкөлөрүндөгү эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири экенин белгиледи.

Эмомали Рахмон өлкөдөгү интернет ылдамдыгынын начардыгын сынга алды. «Негизинен туристтер кайда барат? Интернет жакшы жерге барат», — деди президент. Рахмон өкмөттүн алдындагы Байланыш кызматына мобилдик операторлор жана интернет-провайдерлер менен чогуу интернеттин сапатын жакшыртууга, баасын төмөндөтүүгө багытталган чараларды кабыл алууну тапшырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18