16:23, 23 декабря 2022, 24.kg

Токмокто 80 жаштагы карыя эки өспүрүм кызды зордуктоого шектелүүдө

Токмокто 80 жаштагы карыя 12 жана 13 жаштагы кыздарды зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өспүрүм кыздардын апасы билдирди.

Анын айтымында, 13 жаштагы кызынын боюна бүтүп калган.

«Кокус эле билип калдым. Чоң кызымдын ичи чоңоюп баштады. 19-декабрда ооруканага алып бардым. Ал жерде 32 апталык кош бойлуу экендиги аныкталды. Дарыгерлер дароо милиция чакырды. Бул мен үчүн шок болду», — дейт ал.

Кызым алгач эч нерсе айтпай койду. Кийин гана 80 жаштагы карыя зордуктаганын айтты. Биринчи жолу май айында болгон экен. Ал кызымды жардамга чакырып, малкана алып кирген.

Сентябрь айында ошол эле малканада кичине кызымды зордуктаган. Кыздарымды такай зордуктап турган. Ал коркуткандыктан кыздар эч кимге айткан эмес. Кошуна келип, кыздарымдын жардам берүүсүн суранчу. Мен эч жаман оюм жок болгондуктан жөнөтө берет элем", — дейт апасы.

Кыздардын көрсөтмөсүнө карабай, милиция карыяны кармабай жатышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18