09:32, 23 декабря 2022, 24.kg

ТИМ кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз жарандарын Тажикстанга убактылуу барбай же бул өлкө аркылуу башка мамлекетке чыгуудан карманып турууга чакырды. Бул кыргызстандыктардын Тажикстандын аймагына киришин чектеген чараларга байланыштуу экенин аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

ТИМ Тажикстанга кирүү жана чыгуу маселеси боюнча маалымат же кеңеш алуу үчүн Консулдук департаментине жана Кыргызстандын Душанбе шаарындагы элчилигине кайрылууну сунуштайт.

+996 999 312-002 — ТИМдин Консулдук департаменти (Бишкек шаары);

+992 887 782-223 — Тажикстандагы элчилик (Душанбе шаары).

Быйыл октябрда Кыргызстандын ТИМи кыргыз жарандарын Тажикстандын аймагына киргизбей койгон учурларга байланыштуу бул өлкөгө барбай турууга чакырган. Анда Кыргызстандын жарандарына карата Тажикстанга кирип-чыгуу тартиби өзгөргөнү тууралуу эл аралык келишимдерде бекитилген тартипте маалымат бериле электиги айтылган.

Тажикстан Кыргызстандын ТИМи тараткан билдирүүгө комментарий бере элек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18