17:27, 21 декабря 2022, 24.kg

Кийинки аптада КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусу өтөт

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Аткаруу комитетинин башчысы Сергей Лебедев 26-27-декабрь күндөрү бейформал саммит өткөрүү пландалып жатканын билдирди.

«Кийинки жумада Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт. Ал биздин кызматташтыкка кошумча импульс берет деп үмүттөнөбүз», — деди Лебедев.

Бул жолугушууга катышарын Орусиянын, Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын лидерлери ырасташты.

Жаңы жылдын алдына КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларын Орусияга чакыруу — бул саясий уюмда маанилүү ролду ойногон орус президенти Владимир Путиндин көптөн берки келаткан салты.

Талдоочулардын пикиринде, Советтер Союзу таркагандан кийин түзүлгөн КМШнын курамына Москва менен стратегиялык кызматташтыкка жана өнөктөштүккө ээ мурдагы советтик өлкөлөр кирет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18