11:47, 20 декабря 2022, 24.kg

Катализатору жок унаага 20 миң сомдон өйдө айып пул салынат

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев катализатору жок унааларга айып пул салууну сунуштап, мыйзам долбоор иштеп чыкты.

Депутаттын пикиринде, Бишкектеги ышка транспорттук каражаттардын салымы чоң.

Марлен Маматалиев транспортту каттоодо жана кайра каттоо учурунда катализатору жок унааларды 20 миң сомго айыпка жыгышат. Ал эми компанияларга 65 миң сом айып пул салынат.

«Унаа» ишканасынын маалыматында, 2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 1 миллион 103 миң 445 унаа каттоодон өттү.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, бир жыл ичинде өлкөгө 25,3 миң авто алынып келинген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18