10:37, 19 декабря 2022, 24.kg

Бюджет кызматкерлеринин 2026-жылга чейинки айлык төлөө концепциясы бекитилди

2026-жылга чейинки мезгилде бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган документ президенттин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Муну эске алуу менен министрлер кабинети 2026-жылга чейинки мезгилде бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү Концепциясын бекитүү чечимин кабыл алды.

Белгилесек, өлкөнүн экономикалык активдүү калкынын 13 пайыздан ашыгы бюджеттик сектордо иштейт жана бюджеттик сектордун кызматкерлеринин акчалай кирешесинин негизги булагы эмгек акы болуп саналат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18