10:09, 19 декабря 2022, 24.kg

Аргентина футбол боюнча дүйнө чемпиону болду

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында Аргентина курамасы Францияны пенальтилер сериясында 4:2 эсебинде утуп, дүйнөнүн үч жолку чемпиону болуп калды.

18-декабрь күнү кечинде "Лусаил" стадионунда өткөн беттештин биринчи жарымында аргентиналыктар талааны толугу менен көзөмөлгө алып, удаа-удаа чабуулдарды жасады. 23-мүнөттө команданын капитаны Лионел Месси оюн эсебин ачып, Аргентина алдыга чыкты. Андан 13 мүнөт өткөндөн кийин беттештин 36-мүнөтүндө Ди Мария гол киргизип, эсеп 2:0гө жетти.

Экинчи таймда француздар оюнду жандуу баштап, жыйынтыгында каршылашынын дарбазасына эки гол киргизе алды. Эки голдун тең автору ПСЖ командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе болду.

Кошумча 15 мүнөттөн берилген эки таймда атаандаштар бири-бирине бирден гол киргизип, эсеп 3:3 менен аяктап, жеңүүчү аныкталбай калды. Командалар күчтөрүн пенальти сериясында сынап, Лионел Скалонинин командасы 4:2 эсебинде жеңишке жетти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18