14:43, 16 декабря 2022, 24.kg

Кыргызстандын деңизге чыгуусу үчүн Халиф портунан 30 гектардан ашык жер бөлүндү

Кыргызстандын деңизге чыгуусу үчүн Халиф портунан 30 гектардан ашык жер бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, БАЭде сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо алкагындагы жолугушуу өттү. 

Анда Абу-Дабинин эркин экономикалык аймагында логистикалык борборду жана бажы тармагын өнүктүрүү максатында Халиф портунан 30 гектардан ашык жерди Кыргызстанга бөлүп берүү келишимине кол коюлду.

Ошондой эле Maqta Gateway Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук «Бирдиктүү терезе» түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелейт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18