14:33, 16 декабря 2022, 24.kg

Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

2023-жылы Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулунун Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков менен жолугушууда айтылат. 

Министрлердин жолугушуусу Ташкент шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XV форумунун алкагында өткөн.

2023-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Бул мааракелик датага карата маданият күндөрүн паритеттик негизде өткөрүү пландалууда. Борбор шаарлар маданий иш-чараларга бай экенин эске алып, өз ара макулдашуу боюнча Кыргызстандын маданият күндөрүн Ташкент, Хорезм жана Жизак облустарында өткөрүү чечими кабыл алынды. Алдын ала маалымат боюнча программага Улуттук "Манас" театрынын гастролу да кирет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18