10:34, 16 декабря 2022, 24.kg

Коррупцияга шектелип Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалды

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү коррупцияга каршы күрөшүү жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасында жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканасында коррупциялык механизмдер аныкталган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилде «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги материалдык пайда алуу максатында, ишкананын өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз чыгарып кетүү уюштурулган.

Өзгөчө, каржылоонун бекитилген жана мыйзамдуу булактары болбостон, чыгаша бөлүгүн жасалма түрдө ашыкча баалоо жолу менен «Бишкексвет» ММ имараттарын жана курулмаларын капиталдык оңдоодон өткөргөн. Мындан тышкары, 2 миллион 300 миң сомго жакын ишкананын негизги каражаттарын уурдоо фактысы аныкталды.

2016-2019-жылдары «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жетекчилеринин уруксаттарды берүүдө жана курулуш объектилерин жылуулук тармактарына кошууда мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 31 миллион сомго жакын зыян келтирген.

Белгилей кетсек, бул коррупциялык компоненттер иштеген мезгилде «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын директору Алимбек Абдылдаев болгон, буга чейин Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри кызматын аркалаган.

Photo 282636

2022-жылдын 15-декабрында козголгон кылмыш иштеринин алкагында, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Алимбек Абдылдаев кармалды жана КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18