11:14, 15 декабря 2022, 24.kg

Сузакта 166 миллион сомдук сейил бак жери мамлекетке кайтарылды

Базар баасы 166 миллион 320 миң сомду түзгөн «Достук» паркынын 1,11 га жер аянты Сузак айыл өкмөтүнүн балансына алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүдө, Сузак айыл өкмөтүнүн борборунда орун алган «Достук» паркынын 1,11 га жер аянтына текшерүүгө чейин эч кандай укук тастыктоочу иш кагаздары алынбастан, ээси жок калып, айыл өкмөттүн балансында жок экендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Сузак райондук прокуратурасы тарабынан Сузак айылынын борборунда жайгашкан «Достук» паркынын жери муниципалдык менчикке алуу үчүн келтирилген прокурордук актыны кароонун натыйжасында, көрсөтүлгөн жер аянты мунципалдык менчикке алынып, укук тастыктоочу иш кагаздары берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18