11:04, 15 декабря 2022, 24.kg

Жалал-Абад шаарында жалган ишкердик менен алектенген адамдар аныкталды

Жалал-Абад шаарынын бир нече тургундарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренеси (жалган ишкердик) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салык төлөөчү катары катталган субъектилердин ишмердүүлүгүн текшерүү учурунда болжолдуу түрдө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө жеткирбестен эсеп-фактуралар жазылган шектүү операциялар аныкталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалган фирмалардын иш жүзүндөгү жана жасалма жетекчилери тергөөгө алынып, алардын мыйзамсыз аракеттери такталган.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул фирмалардын контрагенттерине салыктык текшерүүлөр дайындалып, анын жүрүшүндө салыктар кошумча эсептелинет.

Тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18