16:10, 14 декабря 2022, 24.kg

Өзбекстанда газ көйгөйүн чагылдырган блогер 2 миң доллар айып пулга жыгылды

13-декабрда Фергана облусунун кылмыш иштери боюнча райондук соту блогер Олимжон Хайдаровго 21 млн сум (1 900 долларга чукул) айып пул салды.

Өзбекстандын Жогорку соту билдиргендей, соттук териштирүү учурунда блогерге митинг уюштуруу жана өткөрүү тарбинин бузуу жана жалган маалымат таратуу айыбы тагылды.

Соңку учурларда Олимжон Хайдаров электр жана газдын өчүрүлүшүнө байланыштуу көйгөйлөрдү көп чагылдырып келген.

Блогер Хайдаров — Өзбекстанда электр кубаты менен газ тартыштыгын сындаганы үчүн жазага тартылган алгачкы киши эмес. 7-декабрда жаратылыш газынын берилбей жатканына байланыштуу нааразылык уюштурган заводдун жети жумушчусу 5-10 суткага камалган. Гипс чыгарган заводогу нааразылык акциясын Олимжон Хайдаров чагылдырган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18