11:10, 07 декабря 2022, 24.kg

Сокулуктагы «Кыргыз почтасынын» кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылды

«Кыргыз почтасы» Мамлекеттик ишканасынын Сокулук райондук филиалында пенсия, жөлөк пул жана башка төлөмдөрдүн сарпталышынын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, 985 миң 651 сом акча каражатты аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери кымырып алгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, филиалдын башкы бухгалтери А.С., котормо оператору А.А. жана чарба жагынан бөлүм башчысы Э.И. пенсия, жөлөк пул жана башка төлөмдөрдү өздөрүнө сиңирип алгандыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен айыпкер катарында жоопкерчиликке тартылышты. Тергөө учурунда келтирилген 985 миң 651 сом зыян толугу менен өндүрүлүп, Сокулук райондук сотуна негизинен кароо үчүн жиберилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18