17:24, 05 декабря 2022, 24.kg

Бишкекте ЕАЭБ президенттеринин саммити өтөт

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити 9-декабрда Бишкекте өткөнү жатат. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Орусиялык журналисттер саммитке орус президенти Владимир Путин баштаган делегация катышарын жазып жатышат.

Саммиттин күн тартиби жана катышуучулары тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган.

Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп келатканын айтып жүрүшөт.

Айрым саясат талдоочулар ЕАЭБ Орусиянын аймактагы геосаясий кызыкчылыгын коргоо максатында гана түзүлгөн уюм деп атап келишет. Кыргыз парламентинде андан чыгуу сунуштары бир нече жолу айтылган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18